МинКаб төрагасы МИК куруп жаткан үйлөрдү көрдү

25.09.2025 | 19:07

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиевге борбор калаанын түштүгүндө курулуп жаткан «Ынтымак» турак жай комплекси менен тааныштырылды.

МинКабдын маалымат кызматы кабарлагандай, комплексте 18 жана 24 кабаттан турган 48 көп кабаттуу үй салынат. Анда жалпы 6 970 батир, 3 852 унаа токтотуучу жай жана 32 606 чарчы метр коммерциялык жай каралган.

Жашай турган аймактын жалпы аянты 603,5 миң чарчы метрди түзөт.

Курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алган МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев, көп кабаттуу үйлөрдү куруу иштери өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылып жатканын, калк жыш жайгашкан жайларда, ири шаарларда жана райондордо жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле, мындай иштер үй алууга кезекке турган Кыргызстандын жарандарынын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында жүргүзүлүп жатканын айтып, курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды. 

Кошумчалай кетсек, учурда мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында 925 даана көп кабаттуу үй курулууда, андагы батирлердин жалпы аянты 4 млн чарчы метр.

Scroll to Top