Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Жылдын мыкты мугалими — 2025. 112 мугалимдин арасынан Элзат Асанова жеңишке жетти
25.09.2025 | 19:00

Беш баланын апасы Элзат Асанова «Жылдын мыкты мугалими — 2025» наамын жеңип алды. Ал Түп районундагы Долон орто мектебинде кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет.
Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, Республикалык сынакка жалпы 112 мугалим катышкан. Жобо боюнча наам татыгандарга батир берилет.
Асанова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бардык тараптарга ыраазычылыгын билдирип, кубанычтан көзүнө жаш алганын көрүүгө болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом