Мирланбек ажы Токтомушев Оштун казысы болду. Өмүр баяны
Мирланбек ажы Токтомушев Ош шаарынын казысы болуп дайындалды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка 28-январь күнү муфтий Замир кары Ракиев кол койгон. Аны муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев калаанын жалпы дин кызматкерлерине тааныштырды.
Мирланбек ажы Токтомушов 1980-жылы Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында туулган.
Билими:
– 1997-1999-жылдары — Бишкек шаарындагы “Хазирети Умар” ислам институту;
– 1999-2003-жылдары — Сирия араб мамлекети “Айнь аль-Араб” ислам институту;
– 2010-2014-жылдары — Ош “Абдужапар” ислам институту;
– 2010-2017-жылдары — Ош Мамлекеттик Юридикалык институту, укук таануу адистиги.
Иш тажрыйбасы:
– 2011-жылы “Шейит-Дөбө” мечитинин баш имам-хатиби;
– 2014-2019-жылдары — Ош шаарындагы Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби;
– 2019-2022-жылдары — Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары
– 2022-жылдын октябрь айынан баштап, Ош шаарынын мусулмандар казысынын милдетин аткаруучу болуп эмгектенип келген.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз