Мирланбек ажы Токтомушев Оштун казысы болду. Өмүр баяны

Мирланбек ажы Токтомушев Оштун казысы болду. Өмүр баяны

Мирланбек ажы Токтомушев Ош шаарынын казысы болуп дайындалды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка 28-январь күнү муфтий Замир кары Ракиев кол койгон. Аны муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев калаанын жалпы дин кызматкерлерине тааныштырды.

Мирланбек ажы Токтомушов 1980-жылы Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында туулган.

Билими:

— 1997-1999-жылдары — Бишкек шаарындагы “Хазирети Умар” ислам институту;

— 1999-2003-жылдары — Сирия араб мамлекети “Айнь аль-Араб” ислам институту;

— 2010-2014-жылдары — Ош “Абдужапар” ислам институту;

— 2010-2017-жылдары — Ош Мамлекеттик Юридикалык институту, укук таануу адистиги.

Иш тажрыйбасы:

— 2011-жылы “Шейит-Дөбө” мечитинин баш имам-хатиби;

— 2014-2019-жылдары — Ош шаарындагы Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби;

— 2019-2022-жылдары — Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары

— 2022-жылдын октябрь айынан баштап, Ош шаарынын мусулмандар казысынын милдетин аткаруучу болуп эмгектенип келген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>