Апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды?

Апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды?

Ушул жылдын 23-январынан 27-январына чейин Кыргызстанда бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Reporter.kg апта ичинде кызматка жаңы дайындалган жетекчилерди тизмектеди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Адилет Джанузаков президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору кызматынан бошотулду. Президенттин тиешелүү жарлыгына ылайык Жолдошбек  Мамбеталиев аталган кызмат ордуна дайындалганын өлкө башчысынын маалымат кызматы 23-январда маалымдаган.

Талантбек Бекташов билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулганын өкмөттүн басма сөз кызматы 23-январда билдирген.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Талантбек Бекташов 2022-жылдын сентябрь айында билим берүү министринин биринчи орун басары болуп дайындалган. Ага чейин Юстиция министрлигинин жетекчисинин орун басары болгон.

Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалганын аталган министрликтен 24-январда маалымлдашкан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Уланбек Усековду министрликтин жамаатына тааныштырган.

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев кызматынан кеткени 26-январда маалымдалган. Жетибаев Курулуш агенттигинин жетекчилигине былтыр 21-июнда келген.

Анын ордуна Мырзабек Жыпаркулов жетекчи болуп дайындалган. Ал буга чейин 2021-жылы Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болуп 13 күн иштеп, кызматынан кеткен.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>