Мобилдик топтор жана 118 колл-борбору күнү-түнү иштөө режимине өттү

Мобилдик топтор жана 118 колл-борбору күнү-түнү иштөө режимине өттү

Жарандар 118 колл-борборуна чалууда кабыл албай жатканын айтышып, нааразычылыктарын билдирип жаткан. Буга бүгүн, 22-июнда өкмөт үйүндө өткөн брифингде борбордук мэриянын саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Исмаилова жооп берди.

Анын айтымында, Бишкекте мобилдик топтор жана 118 байланыш борбору күнү-түнү иштөө режимине өтүштү. 118 линиянын саны 14кө, мобилдик топтордун саны 40га көбөйтүлдү.

«Июнда коронавирус маселелери боюнча жарандардын кайрылуусу кескин өстү. Ушуга байланыштуу, 21-июнда Республикалык штабдын жана Саламаттык сактоо министрлигинин чечими менен мобилдик бригадалар күнү-түнү иштөө тартибине өттү. Бүгүнкү күндө 118 ыкчам номери боюнча 14 линия 24 саат бою иштеп кеңеш берүүдө. Мындан сырткары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ишеним телефондору иштөөдө. Жарандар жашаган жери боюнча ҮМБ кайрылып, кеңеш ала алышат”, — деп билдирди Исмаилова.

Бактыгүл Исмаливанын маалыматы боюнча, колл-борборго кайрылгандардын 50 пайызы медициналык мүнөздө эмес, кеңеш алуу максатында кайрылгандар, бир телефон чалууга кеңеш берүү 15-20 мүнөткө чейин созулат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>