Москвадагы кыргыз диаспорасынын жетекчилери жана активисттери терактта курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, Крокус Ситинин алдына гүл коюшту. Бул тууралуу Reporter’го Улан Кошматов билдирди.
Анын айтымында, аза күтүү иш чарасына кыргыз коомдук уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
22-мартта болгон куралдуу кол салууда каза болгондордун да, жабыркагандардын да саны 100дөн ашты. Терактты ишке ашырууга шектелип ондон ашык адам кармалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз