Акжол Махмудовдун Олимпиададагы дагы 2 атаандашы белгилүү болду

Акжол Махмудовдун Олимпиададагы дагы 2 атаандашы белгилүү болду

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудовдун (77 кг) Олимпиада оюндарындагы дагы 2 атаандашы белгилүү болду.

Египетте 22-24-мартта Африка жана Океаниянын олимпиадалык лицензиялык мелдеши өттү. Анда олимпиадалык салмактарда (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг) жолдомону финалга чыккан экиден балбан утту.

Махмудов күрөшкөн 77 кг салмакта алжирлик Абд Элкрим Уакали жана египеттик Махмуд Халед Абделрахман лицензияга кол жеткизди.

Египеттик Махмуд Халед Абделрахман жана алжирлик Абд Элкрим Уакали

Лицензия алгандар (77 кг):

1. Кыргызстан — Акжол Махмудов (Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси (2020-жыл), дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022,2023-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл) жана күмүш байгесинин ээси (2018), Азиянын үч жолку чемиону (2018, 2022, 2023-жыл)

2. Азербайжан — Санан Сулейманов (эки жолу дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин уткан (2021, 2023-жыл), Европанын чемпиону (2020-жыл) жана эки ирет коло байгесин тагынган (2021, 2022-жыл)

3. Армения — Малхас Амоян (дүйнө чемпиону (2021-жыл) жана эки жолу коло байгесин уткан (2022, 2023-жыл), Европанын үч жолку чемпиону (2022, 2023, 2024-жыл) жана бир жолу күмүш байгесине татыган (2021-жыл)

4. Япония — Нао Кусака (дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2023-жыл)

5. Өзбекстан — Арам Варданян (дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси (2019-жыл), Азия чемпионатында эки ирет коло тагынган (2016, 2018-жыл)

6. Куба — Пена Флорес Йосванис (Пан-Америка чемпионатын үч ирет уткан (2019, 2020, 2022-жыл) жана күмүш (2023-жыл) менен коло (2024-жыл) байгелерин тагынган, Пан-Америка оюндарында эки жолу колого татыган (2019, 2023-жыл)

7. Колумбия — Куэро Муноз Алексис (Пан-Америка чемпионатын бир ирет жеңген (2024-жыл), бир жолу күмүш (2018-жыл) эки жолу коло (2019, 2023-жыл) медалын уткан, Пан-Америка оюндарында эки ирет коло тагынган (2014, 2019-жыл), Түштүк Америка оюндарында бир жолу алтынга татыган (2022-жыл)

8. Алжир — Элкрим Уакали (Африканын үч жолку чемпиону (2020, 2022, 2023-жыл), үч ирет күмүш байгесин уткан (2012, 2014, 2019-жыл), Африка оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү (2019, 2024-жыл), Араб оюндарын бир ирет жеңген (2023-жыл)

9. Египет — Махмуд Халед Абделрахман (Африка оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2024-жыл)

Эскерте кетсек, алдыда дагы Олимпиадага жолдомо бере турган 2 континеналдык (Азия, Европа) жана 1 дүйнөлүк мелдеш өтөт. Аталган мелдештерге лицензия ала элек балбандар катышат. Континенталдык мелдештерде Олимпиадага 2ден жана дүйнөлүк мелдеште 3төн лицензия берилет.

Олимпиада оюндарында ар бир салмакта 16дан спортчу күч сынашат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>