Олимпиада: Шаршенбековдун дагы 2 атаандашы белгилүү болду

Олимпиада: Шаршенбековдун дагы 2 атаандашы белгилүү болду

Кыргызстандын грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбековдун (60 кг) Олимпиада оюндарындагы дагы 2 атаандашы белгилүү болду.

Египетте 22-24-мартта Африка жана Океаниянын олимпиадалык квалификациялык мелдеши өттү. Анда олимпиадалык салмактарда (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг) финалга чыккан балбандар лицензияга ээ болду.

60 кг салмакта алжирлик Абделкарим Фергат менен египеттик Моамен Ахмед Раби Мохамед Олимпиадага жолдомо утту.

Египеттик Ахмед Раби менен алжирлик Абделкарим Фергат

Париждеги Олимпиадага 60 кг салмакта жолдомо алган балбандар:

1. Кыргызстан — Жоламан Шаршенбеков (дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022-2023-жыл) жана эки жолу күмүш байгенин ээси болгон (2018, 2021-жыл), Азиянын эки жолку чемпиону (2022-2023-жыл) жана эки жолу күмүш уткан (2018, 2020-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл)

2. Япония — Кеничиро Фумита (Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2020), дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2017, 2019-жыл) жана күмүш менен коло байгелеринин ээси (2023, 2022-жыл), Азиянын эки жолку чемпиону (2017, 2020-жыл) жана коло байгесинин ээси)

3. Кытай — Лигуо Као (2023-жылы дүйнө жана Азия чемпионаттарында коло уткан)

4. Өзбекстан — Исломжон Бахромов (2023-жылы дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болгон, Азия чемпиону (2019-жыл) жана эки жолу коло тагынган (2018, 2020-жыл)

5. Иран — Мехди Мохсен Нежад (Азия чемпионатында эки жолу күмүш (2021-2022-жыл) жана бир ирет коло (2020-жыл) уткан)

6. Венесуэла — Райбер Родригез Орозчо (Пан-Америка чемпионатында бир ирет алтын (2024-жыл), эки жолу коло уткан (2016, 2023-жыл), 2022-жылы Түштүк Америка оюндарында жана 2023-жылы Пан-Америка оюндарында коло уткан

7. Куба — Кевин Ди Армас Юран (2023-жылы Пан-Америка чемпионатында коло, Пан-Америка оюндарында күмүш тагынган)

8. Алжир — Абделкарим Фергат (Африканын 4 жолку чемпиону (2018, 2019, 2020, 2022-жыл), Африка оюндарынын коло байге ээси (2024-жыл).

9. Египет — Моамен Ахмед Раби Мохамед (Африканын 1 жолку чемпиону (2019-жыл), Африка оюндарынын жеңүүчүсү (2024-жыл)

Эскерте кетсек, алдыда дагы Олимпиадага жолдомо бере турган 2 континеналдык (Азия, Европа) жана 1 дүйнөлүк мелдеш өтөт. Аталган мелдештерге лицензия ала элек балбандар катышат. Континенталдык мелдештерде Олимпиадага 2ден жана дүйнөлүк мелдеште 3төн лицензия берилет.

Олимпиада оюндарында ар бир салмакта 16дан спортчу күч сынашат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>