Бишкекте мечиттен телефон уурдоого шектелген жаран кармалдыБишкекте милиция кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалдыМарлен Маматалиев парламенттин төрагасынын алдындагы Бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин ишин жандандырдыБишкекте айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендер 6-апрелден тарта жаңы даректе өткөрүлө баштайт1-класска электрондук каттоо: Эки күндө 29 миңге жакын бала катталдыКыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Мураталы Тагаев Бишкектин Ленин районуна аким болду
31.03.2023 | 16:34
Тагаев Мураталы Абдыкарович борбор калаанын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
“Аким “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Мураталы Тагаев бүгүн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулган. Аталган кызматты ал 2022-жылдын мартынан бери аркалап келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом