Кыргызстандык мугалим «КМШдагы мыкты педагог» сынагынын жеңүүчүсү болдуСокулук жана Аламүдүн райондорунда Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдөМурдагы депутат Шайырбек Ташиев кайрадан суракка чакырылдыМАР Кыргызстанда бала бакчаларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү үчүн кредит жана грант беретКыргызстанда биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталат«Тест татаал түзүлгөн»: ЖК депуттары Москвага барып, мигранттардын балдарына берилүүчү тестти тапшырып көрүштү
Мурдагы депутат Шайырбек Ташиев кайрадан суракка чакырылды
26.03.2026 | 12:23

Жогорку Кеңештин мурадгы депутаты Шайырбек Ташиев кайрадан сурак берди. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына ИИМдеги булактар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Шайырбек Ташиев ИИМге күбө катары суракка байма-бай чакырылууда. Ал учурда бир нече иш боюнча сурак берүүдө.
Эскерте кетсек, 13-мартта Шайырбек Ташиев Ички иштер министрлигинде суракта болгон. Ал кайсы иш боюнча сурак бергени тууралуу маалымат берилген эмес. Кийинки күнү, 14-мартта, Борбордук шайлоо комиссиясы анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алган.
Шайырбек Ташиев – УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат