Мурдагы депутаттын уулу Данияр Ибраев соттолду. Кандай өкүм чыкты?

Мурдагы депутаттын уулу Данияр Ибраев соттолду. Кандай өкүм чыкты?

Бишкектин Свердлов райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Самат Ибраевдин алдамчылыкка айыпталган уулу Данияр Ибраевге өкүм чыгарды.

Өкүм 20-июлда чыккан.

Маалыматка караганда, Данияр Ибраев эки компаниянын жетекчиси болгон: 2018-жылы 8-июнда ал «А.Т.Г.» ЖЧКсынын башчысы болгон. Кийин 2018-жылдын 6-декабрында ал «1» ЖЧКсынын (токтомдо компаниянын аты аталган эмес) башкы директору болуп дайындалган. Данияр Ибраевдин айтымында, бул компаниялар темир продукцияларын сатуу менен алектенген.

Соттун токтомунда айтылгандай, Данияр Ибраев аталган эки компанияны жетектеп турганда, 2018-2019-жылдар аралыгында бир нече курулуш компаниясын жана жаранды жалпы суммасы 581 млн 250,1 миң сомго алдап кеткен деп айыпталган (338 млн 835,2 миң сом, 125 млн 602 миң сом, 20 млн 946,9 миң сом, 21 млн 967,7  млн сом, 4 млн 646,7 миң сом, 34 млн 296,3 миң сом). Белгилүү болгондой, ал темир продукция алууну каалаган кардарлардан акча (же мүлк) алып, өзүнө алган милдеттерин аткарбай койгон.

Соттук отурумда жабырлануучулардын айрымдары айыпталуучунун атасы (Самат Ибраев – ред.) материалдык зыяндын ордун толтуруп берүү милдеттенмесин алганын, ага байланыштуу Данияр Ибраевге дооматы жок экенин билдирип, айыптоодон баш тарткан.

Ошол эле учурда, Данияр Ибраев күнөөсүн мойнуна алып, бирок Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) боюнча тагылган айыпты моюндаган эмес (сот бул берене боюнча Ибраевди актаган).

Данияр Ибраевдин айтымында, алардын компаниясынын 20 жылдык тарыхы бар. Кардарлар менен бири-бирине ишенип иштешип келишкен. 2018-жылы дээрлик 5 млн долларлык товардын кем чыгышынан улам компаниянын («1» ЖЧКсынын) негиздөөчүлөрүнүн ортосунда талаш жаралган. Анын айынан мурдагыдай иштей алышпай калган. Ал компаниянын жетекчиси катары абалдын чыгыш үчүн өнөктөштөрүнүн жардамы менен акча тапкан. Башында милдеттенмелерин так аткарып жаткан. Бирок аягында иш жүрбөй, алган акчанын пайыздары өсүп, товарлар өз убагында келбей, соңунда кишилерге карыз боло баштаган. Атасы коомчулукка белгилүү адам болгондуктан, кадыр-баркын кетирбейин деп ага эч нерсе айткан эмес.

Ал билдиргендей, бул окуянын баары Б.Б. аттуу (аты өзгөртүлдү) адамдан башталган (бул иште жабырлануучу деп табылган). Атасы саясатта жүргөндө Б.Б. аттуу жаран «1» ЖЧКсынын башкы директору да, негиздөөчүсү да болгон. Атасы Б.Б. аттуу жаранга ишенген. Компанияда Б.Б.нын туугандары да иштеп, алар менен бирге акча чыгаруу үчүн коррупциялык схема түзгөн. Жыйынтыгында ал ачыкка чыгып, Б.Б. аттуу жаран атасына келтирген чыгымды кайтарып берүүнү убадалаган. Атасы макул болуп, убакыт берген. Бирок арадан 4 ай өткөндөн кийин Б.Б. атасы Канадада саммитте жүргөндө анын (Данияр Ибраевдин) үстүнөн укук коргоо органдарына арыз жазган. Андан кийин ал суракка алына баштаган.

Соттун токтомунда айтылгандай, Б.Б. аттуу жаран 2019-жылы 15-августта Данияр Ибраевдин үстүнөн милицияга арыз жазган. Арызда Данияр Ибраев «1» компаниясындагы Б.Б.га таандык болгон акчалай жана мүлк түрүндөгү 50% үлүшүн алдамчылык менен ээлеп алганы айтылган. Арыздын негизинде компанияда текшерүү жүрүп, Данияр Ибраев «1» ЖЧКсына 338 млн 835,2 миң сом карызы бар экени аныкталган.

Данияр Ибраевдин айтымында, ал алып алган деп айтылып жаткан сумманы (338 млн 835,2 миң сом тууралуу сөз болуп жатат), компаниядан башка адам чыгарып кеткен. Аталган адам абалдан пайдаланып, биринчи болуп арыз жазып, аны жаманатты көрсөткөн. Учурда алардын ортосунда пикир келишпестик жок. Бирок кийин мүмкүнчүлүк болсо, аталган факт боюнча тиешелүү органдарга кайрылат. Тиешелүү далидери да бар.

Ошондой эле ал билдиргендей, компаниянын негиздөөчүлөрү ортосунда талаш жаралганда, өнөктөшү ошол учурда бийликте турган адамдын тууганынын жардамы менен аларга кысым көрсөткөн. Атасына саясий басым болуп, аягында компанияны алып коюшкан. Ага да физикалык-моралдык кысым көрсөтүлүп, тоого алып чыккан, үй-бүлөсүнө коркутуулар болгон.

Данияр Ибраев сотто билдиргендей, ал акчасын алган компаниялардын айрымдарына продукцияны жарым-жартылай же толугу менен жеткирип берген. Бирок кээ бири милдеттенме аткарылганы менен ага «алдап кетти» деп айып тагышкан.

Соңунда ал соттон эркинен ажыратуудан башка жаза берүүнү суранган. Жабырлануучуларга акчаларын кайтарууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнгөн.

Жыйынтыгында сот ишти карап чыгып, Данияр Ибраевди Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) 204-беренесинин 3-бөлүгү боюнча (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) 8 эпизод боюнча күнөөлүү деп таап, ар бир факт боюнча 5 жылдан эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда жаза мөөнөтүн жарым-жартылай кошуу жолу менен Ибраевди жалпы 7 жылга эркинен ажыраткан. Бирок сот Ибраевге карата пробация колдонуп, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошоткон. Жыйынтыгында Ибраевге 3 жылдык пробация белгиленген. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Ошондой эле Данияр Ибраев 3 ай ичинде «Т.Г.К» ЖЧКсына 20 млн 946,9 миң сом, «Т.Г.Д.» ЖЧКсына 21 млн 967,7 миң сом жана К.А.М. аттуу жаранга 34 млн 296,3 миң сом материалдык зыянды кайтарып берүүгө милдеттендирилген.

Эскерте кетсек, быйыл 20-январда Данияр Ибраев Болгарияда кармалганы жана Кыргызстанга 15-февралда алынып келгени тууралуу кабарланган.

ИИМдин маалыматы боюнча, ал ири курулуш компанияларынын жетекчилеринин ишенимине кирип, курулуш обьекттерине материалдарды ташып берүүнү убадалап, жалпы 19 млн 821 миң доллар алган. Акча каражатын алган соң, Данияр Ибраев изин жашырып кеткен. Ал 2019-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Экс-депутат Ибраевдин уулу өлкөгө экстрадицияланды. Ал эмнеге шектелүүдө?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>