Мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Олимпиадага эмнеге барбай калганы айтылды

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Олимпиадага эмнеге барбай калганы айтылды

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев аккредитациядан өткөн эмес, ошол себептен Олимпиадага бара албай калды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, буга байланыштуу жеке машыктыруучу гана эмес, улук машыктыруучу дагы Парижге бара албай калган.

“Мунарбек көп күткөн Олимпиадага лицензияны ушул жылдын июнь айында алды. Ал эми машыктыруучуларды аккредитациялоо март айында эле жыйынтакталган. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан, башкы машыктыруучу аккредитациядан өткөн. Олимпиадага даярдык кандай дыкаттык менен жүрөрү баарыбызга белгилүү эмеспи. Ушуга байланыштуу бир гана башкы машыктыруучуга уруксат берилди. Тилекке каршы, жеке машыктыруучу гана эмес, улук машыктыруучу дагы Парижге бара алган жок”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Мунарбектин жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев Олимпиада оюндарына барган делегациянын курамына кирбей калганы соцтармакта кызуу талкуу жаратууда.

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу 3-августта Олимпиада оюндарында 57 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалдык беттеште атаандашын утуп, жарым финалга чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>