БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Олимпиада-2024: Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты
04.08.2024 | 00:22
Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу 3-августта Олимпиада оюндарында 57 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалдык беттешин өткөрдү.
Кыргызстандыктын атаандашы 2021-жылдагы дүйнө чемпиону, америкалык Жамал Харви болду.
Ар бири 3 мүнөттөн үч раунддун жыйынтыгында калыстар экиге бөлүнгөн чечим менен жеңишти Мунарбек уулуна беришти.
Кыргызстандык спортчу жарым финалга чейин жетип, медалды камсыздады. Анын жарым финалдагы атаандашы азырынча аныктала элек. Анда Шудай Харада (Япония) – Хавьер Ибанес Диас (Куба) жупунун жеңүүчүсү болмокчу.
Жарым финалдык беттештер 8-августта өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт