Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Мыйзам долбоору: Ата күнүн 15-мартта белгилөө сунушталууда
13.03.2024 | 17:25
Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев Ата күнүн белгилөөнү сунуштоодо. Ал тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, документ коомдук талкууга чыгарылды.
Алиев Ата күнүн 15-мартка белгилеп, аны жыл сайын майрамдоону сунуштап жатат. Аталган күн эс алуу күнү болбойт.
Депутат сунуштаган мыйзам коомдун өнүгүшүндөгү аталардын ролун жана кошкон салымын таанууга, ошондой эле үй-бүлөнү чыңдоого жана үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.
Анын айтымында, Ата күнү дүйнөдөгү 20дан ашык өлкөдө, анын ичинде Италияда, Японияда, АКШда, Австралияда белгиленип келет.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттин жарлыгы менен 2012-жылы Энелер күнүн белгилөө бекитилген. Ал жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде майрамдалат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом