Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Видео: Нарын дарыясында крокодил табылдыбы? Иманалиевдин жообу
01.03.2023 | 17:06
Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңеште экс-депутат Каныбек Иманалиевдин билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлиги каралууда.
Жыйында депутат Арсланбек Малиев Иманалиевдин мындан төрт жыл мурда парламенттин отурумунда айткан сөзүн эске салып, “Нарын дарыясында крокодил табылдыбы же табылган жокпу?” деп сурады.
Иманалиев “крокодил” табылбаганын айтты.
“Крокодил эмес, ит балык таба алышкан жок”, – деди ал.
Эскерте кетсек, мындан төрт жыл мурда парламенттин жыйынында ошол учурдагы депутат Каныбек Иманалиев ага кылмыш ишин табуу мүмкүн эместигин айтып, “мага кылмыш ишин табуу, Нарын дарыясында крокодилди тапкандай иш” деп айткан.
Видео: Парламентте Түлөбаев менен Иманалиев кайым айтыша кетти
Биздин Телеграм каналга катталыңыз