Баткенде тургун асынган абалда табылды. Милиция эмне дейт?

Баткенде тургун асынган абалда табылды. Милиция эмне дейт?

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы Баткен районунда асынган абалда табылган тургун тууралуу маалымат берди.

Маалыматка караганда, буга чейин интернет булактарында «Баткендеги тургун айылдын четиндеги сарайдан колу-буту байланып, асынган абалда табылды» деген материал чыккан.

Милициядан билдиришкендей, 23-февралда милицияга Кызыл-Бел айылынын 54 жаштагы Х.К. аттуу тургун кайрылып, 40 жаштагы  К.К. аттуу бир тууган иниси өзү жашаган Кызыл-Бел айылында жайгашкан үйүнөн 17-февралда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Бул арыз каттоого алынып, дайынсыз жоголгон атуулду издөө иштери башталган.

Ошол эле күнү болжол менен саат 17:25те алынган ыкчам маалыматтар боюнча, 40жаштагы К.К. аттуу жаран өзүнүн үйүнө кошуна жайгашкан, эч ким жашабаган короодо асынып каза болгондугу белгилүү болгон. Анын колу-буту байланган деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Жерине тергөө-ыкчам тобу барып, окуя болгон жерге жана маркумдун сөөгүнө кароо жүргүзүлгөн.

Кароо учурунда К.К. асынып алган жер кошунасынын мал сарайы экендиги такталган. Ошондой эле, айыл тургундары маркумдун сөөгүн өзүнүн үйүнө алып кирип койгон.

«Жансыз денеге кароо жүргүзгөндө, анын мойнунда жиптин изи калгандыгы аныкталган. Маркумдун бир туугандары жансыз денени ички изилдөөдөн баш тартышып, окуя боюнча эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдиришип, тил кат менен кайрылышкан», — деп билдиришти милициядан.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>