«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Нарында дайынсыз жоголгон ата-баланы издөө иштери уланууда
04.11.2024 | 09:31
Нарындын Жумгал районунда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөө иштери улануда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 4-ноябрда издөөгө жалпы 56 адам чыккан, алардын арасында куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар бар. Издөө иштеринде 4 дрон колдонулууда.
Эскерте кетсек, Жумгалдын Өрнөк айылынын 49 жаштагы тургуну Болот Карыпбеков менен 9 жаштагы уулу 16-октябрда кой кезүүгө кетип, кийинчерээк байланышка чыкпай калышкан. ӨКМ билдиргендей, ата-баланын дайынсыз болуп жатканы тууралуу аларга 19-октябрда кабарланган. Издөө иштери ошол күнү башталып, ата-бала азыркыга чейин табыла элек.
Алардын атынын өлүгү Көкөмерендин жээгинен табылгандыктан, ата-бала сууга агып кеткен деп болжолдонууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом