Нарында пиротехникалык заттарды саткан дүкөндөр текшерилүүдө — сүрөт

Нарында пиротехникалык заттарды саткан дүкөндөр текшерилүүдө — сүрөт

Нарында пиротехникалык заттарды саткан дүкөндөр текшерилүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.  

Маалыматка караганда, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери «Укук тартип» аталышындагы рейд өткөрүүдө. Анын алкагында районунун аймагында жаны — жылдык майрамдык иш-чараларга даярдык көрүүдө жана өткөрүү мезгилинде кылмыштуулуктун алдын алуу багытында иш алып барышууда. 

Ошондой эле эпидемиологиялык абалга байланыштуу той-аштарды, кечелерди жаны-жылдык майрамдык иш чараларды өткөрүүгө тыюу салынгандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Мындан сырткары жаңы-жыл майрамдын алдында пиротехникалык заттарды саткан  дүкөн жана соода кылуучу жайлар текшерилип, кечки рейддер өтүүдө.

[su_image_carousel source=»media: 52694,52695,52696,52697,52698″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>