Бишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады2026-жылдын жазына карата Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн баалары кандай өзгөрдү?
Нарында сексуалдык ыдыкка шектелген агай өз жанын кыйды
15.04.2024 | 15:35
Нарын шаарындагы англис тилин үйрөнүү курсунун жетекчиси, 60 жаштагы Т.А. өз жанын кыйды. Бул тууралуу аймактык милиция билдирди.
Анын бүгүн асынып алганы маалымдалат.
Инстаграмда бир нече күн мурда атайын баракча ачылып, анда англис тил курсуна барган өспүрүмдөр сексуалдык ыдыкка, айрым жаш мугалимдер зордуктоого кабылганын айтып чыгышкан. Кыздар агай окуучуларга арак ичирип, коркутуу жолу менен ыплас аракеттерди жасап келгенин жарыялашкан.
Баракча аркылуу укук коргоо органдарына арыз жөнөтүү демилгеси дагы көтөрүлгөн.
Нарын облустук ички иштер башкармалыгы окуучулардын айткан маалыматтары териштирилип жатканын кабарлаган.
Т.А. Нарында окуу курсун ачканга чейин Бишкекте университетте сабак берип келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом