Райымбек Матраимовдун жактоочусу шаардык сотко жазган апелляциясын кайтарып алды

Райымбек Матраимовдун жактоочусу шаардык сотко жазган апелляциясын кайтарып алды

Камакка алынган бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жактоочусу бөгөт чараны өзгөртүү тууралуу Бишкектин сотуна жазган арызын кайтарып алды. Бул тууралуу бүгүн соттук отурумда белгилүү болду.

27-мартта Биринчи май райондук соту Матраимовдун бөгөт чарасын карап, тергөө аяктаганча 26-апрелге чейин камакка алган. Бул чечим боюнча Матраимовдун жактоочусу шаардык сотко апелляциялык арыз таштаган. Процесс 15-апрелге саат 13:50гө белгиленген.

Бирок бүгүнкү отурумда жактоочу мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча жазган арызын кайтарып алуу тууралуу өтүнүч келтиргени белгилүү болду. Отурумга жактоочу өзү катышкан жок. Сот өтүнүчтү карап, аны канааттандырды.

Эми Матраимов 26-апрелге чейин камакта болот. Матраимовдун камактагы мөөнөтү аяктаганга чейин анын бөгөт чарасын узартуу же узартпоо маселеси райондук сотто каралат.

Эскерте кетсек, Райымбек Матраимов УКМК тарабынан Азербайжандан 26-мартта Бишкекке алынып келген.

УКМК Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (адамды эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) боюнча шектелип жатканын кабарлаган.

Бирок кийинчерээк 222-берене алынып, анын ордуна 378-берене (чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) кошулганы белгилүү болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>