Нарында жеткинчектер арасында бокс боюнча мелдеш өттү
Нарын шаарында өспүрүмдөр арасында бокс боюнча ачык биринчилик өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдеш 1-ноябрь кыргыз милициясынын 99 жылдыгына карата Нарын шаардык милициянын башчысы Тынчтык Аалиевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен 4-5-ноябрь күндөрү өткөн.
Бокс боюнча биринчиликке Нарын шаарынан, Ат-Башы жана Нарын райондорунан келген 2009-2012-жылы туулган 110 бала катышып, 6 салмак боюнча күч сынашкан.
Мелдештин жыйынтыгы менен байгелүү орун алган спортчу балдарга медаль-сыйлыктар тапшырылган
“Спорт адамдын ден соолугун чыңдайт, сергек жашоого, денени чымыр алып жүрүүгө тарбиялайт. Бул ачык биринчиликке катышкан балдарыбыз келечекте Кыргызстандын желегин желбиреткен мыкты спортчу болушуна тилектешпиз”, – деп билдирет облустук милиция.
[image_carousel source=”media: 200817,200818,200819,200820,200821,200822,200823″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз