Бишкекте баш калкалоочу жайлар иштей баштады. Шарттары

Бишкекте баш калкалоочу жайлар иштей баштады. Шарттары

Бишкек шаарында туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн 1-ноябрдан тарта баш калкалоочу жайлар иштей баштады. Алар 2024-жылдын 1-апрелине чейин иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, туруктуу жашаган жери жок адамдарга арналган баш калкалоочу жай 12 кичи районунда жайгашкан.

«Бул жерде оңдоо иштери жүргүзүлүп, үч бөлмө акталып, сырдалып, электр монтаждоо иштери жүрүп, эшик-терезелери, чатыры жылууланды. Мындан тышкары, айлана-тегергегин тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул жай жылытуу, борборлоштурулган жылытуу системасы аркылуу жылытып, ал эми казанды жылытуу үчүн көмүр жана отун бар. 80 кишиге төшөк жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.

Баш калкалоочу жайда: тамак-аш азыктарын сактоо үчүн эки камералуу муздаткычтар, плазмалык телевизор бар, бардык бөлмөлөрдө: аристон, кир жуугуч машина-автомат, кийим үчүн шкафтар, сенсордук электрондук плиткалар, электр чайнектер бар.

Убактылуу баш калкалоочу жайдын контингентине медициналык кызмат көрсөтүү үчүн №8 ҮМБнын медицина кызматкерлери бекитилген.

Бул категориядагы жарандардын өздүгүн аныктоо үчүн Октябрь райондук ИИБнин кызматкери бекитилди. Социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн Октябрь району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жооптуу адиси бекитилди.

Бул категориядагы адамдарга төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

— бир жолку ысык тамак;

— жуу, чач кыркуу (душ, аристондор орнотулган, электр устара ж.б. бар);

— медициналык текшерүү;

— баштапкы медициналык жардам көрсөтүү;

— флюорография;

— үй-бүлөнү бириктирүү боюнча иштер;

— документтерди калыбына келтирүү;

— иш менен камсыз кылуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>