Видео: Бишкекте баасы 5 млн сом болгон ноутбук-телефондор уурдалган. Шектүүлөр кармалды

Видео: Бишкекте баасы 5 млн сом болгон ноутбук-телефондор уурдалган. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте уурулукка шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-октябрда милицияга Б.Э. аттуу жарана кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 13-октябрга караган түнү белгисиз адамдар Чүй проспектисиндеги дүкөндөрдүн бирине терезеси аркылуу кирип, жалпы суммасы 5 млн сомду түзгөн 6 ноутбук жана 64 телефонду уурдап кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон адамдар – 47 жаштагы А.Р., 27 жаштагы С.Б. жана 21 жаштагы М.Б. аттуу жарандар кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Ошондой эле тергөө учурунда күрөөканалардан 5тен ашык телефон табылып алынып, далил зат катары кылмыш ишине кошулган.

Учурда кармалгандадын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар болсо 0559 102 855, 0704 459 999, 0998 111 102 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>