Нарындагы Чкалов атындагы мектептин директору коронавирустан каза болду

Нарындагы Чкалов атындагы мектептин директору коронавирустан каза болду

Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы №2 мектептин директору коронавирустан каза болду.  Маалыматты “Репортерго” шаардык мэриянын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, ал 5-июнь күнү коронавируска шектелип ооруканага жаткырылган. 7-июнь күнү оордан улам өмүр менен кош айтышкан.

Бүгүн, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев соңку суткада Нарын шаарында 67 жаштагы аял коронавирустан каза болгонун айткан.

Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы 23 бейтап коронавирустан каза болду.

Reporter.kg  маалымат агенттигинин эмгек жамааты Айчүрөк Самакованын көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>