Футбол. Кыргызстан Бахрейнди 1:0 эсебинде уттуНарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштады
Бишкекте кызды зордуктап, андан кийин апасы менен кошо мууздаган
12.05.2021 | 17:15
Бишкек шаарында бүгүн, 12-майда апасы менен кызын белгисиз адамдар өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя Жибек-Жолу жана Ибраимова көчөлөрүнун кесилишиндеги үйлөрдүн биринде 11:25 чамасында болгон. Анда 1958-жылы туулган А.А. жана 1990-жылы туулган А.А. аттуу аял кишилер мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, 31 жаштагы кызды алгач зордуктап, андан кийин апасы менен кошо мууздап кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар