2,2 млн сомдон ашык: Акыйкатчы институту жолчуларга эки айлык эмгек акысын алууга жардам берди

Акыйкатчы институту жол оңдогон кызматкерлерге 2,2 млн сомдон ашык эмгек акысын алууга жардам бергенин билдирди.
Маалыматка ылайык, «Кыргызавтожол-түндүк» ишканасынын Ысык-Көл филиалынын №35 жол-эксплуатациялык ишканасынын 43 кызматкери институтка арыз менен кайрылган. Анда жолчулар ар кандай шартка карабай, күнү-түнү иштешкенин, бирок жетекчилик аларга эки айдан бери эмгек акыны, жол кире акысын жана эмгек өргүү акысын төлөбөй жатканын билдиришкен. Ошондой эле аларга жумушчу кийимдерин бербегенин жана төлөнө турган акылар менен толук тааныштырбагандыгын айтышкан.
Мындан улам Акыйкатчы институту тиешелүү мекемелерге кат жолдогон. Жыйынтыгында Эмгек министрлиги көчмө текшерүү өткөрүп, анын жыйынтыгында жолчулардын арызы тастыкталган.
“Мекеме ишкананын жетекчилигине мыйзам бузууларды жоюу жана кызматкерлерге жалпы суммасы 2,2 миллион сомдук карыздарды төлөө боюнча эскертүү жолдогон. Бирок ишкана белгиленген мөөнөттө эскертүүнү аткарбагандыктан, ага 13 миң сом айып салынды”,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле №35 ишканасынын директору Камбарбек уулу Адилетке сөгүш жарыяланып, жолчулар айлык маянасын толук ала алышкан.
Белгилей кетсек, Акыйкатчынын 2024-жылдагы отчетуна ылайык институттун дарегине эмгек укуктардын бузулушу боюнча 52 кайрылуу келип түшкөн.