Кыргызстан Казакстанга пландан ашыкча көлөмдө суу берди

04.07.2025 | 09:34

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан Казакстанга 304,3 млн м³ суу жөнөттү. Бул ушул убакыт үчүн пландалган көлөмдөн 34,2 млн м³га көп. Бул тууралуу Казакстандын Суу ресурстары министрлиги кабарлады.

“Кыргызстан менен жетишилген макулдашууларга ылайык, вегетациялык мезгилде Казакстанга Чүй жана Талас дарыялары аркылуу Жалпак-Жамбыл облусунун дыйкандарын суу менен камсыздоо үчүн жалпы 625 миллион м³ суу жеткирилет деп күтүлүүдө”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда Жамбыл облусундагы чарбаларга 231 млн м³дөн ашык суу жеткирилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 50 млн м³га көп.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top