Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
Кытай парламентинин спикеринин сапарына байланыштуу бүгүн Бишкек менен Чүйдө айрым жолдор жабылат
23.07.2025 | 10:00
Бүгүн Кыргызстанга Кытай Эл Республикасы Жогорку Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы (парламент спикери) расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Расмий сапарга байланыштуу 22–23-июль күндөрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда айрым көчөлөрдө автоунаа кыймылы убактылуу чектелет.
Төмөнкү жол тилкелери убактылуу жабылат:
- “Манас” эл аралык аэропортунан Бишкек шаарына чейинки бөлүгү;
- Фучик көчөсүнүн Бишкекке кирген жеринен Чүй көчөсүнө чейин;
- Чүй проспектиси — Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Айтматов проспектилеринен “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейин;
- ”Ала-Арча” резиденциясынан “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейин.
Рубрики: Жаңылыктар