Оор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштады

23.07.2025 | 14:37

«Эне үйү» долбоорунун алкагында оор жашоо кырдаалына кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштады.

Маалыматка ылайык, адистер төмөнкү жагдайларга туш болгон аялдарга жардам жана колдоо көрсөтүшөт:

  • Эгерде аял ымыркай менен көчөдө же кооптуу чөйрөдө калса;
  • Зомбулукка, кысымга же коркутууга туш болуп жатса;
  • Турак жайдын, колдоонун же каражаттын жоктугунан улам баланы жоготуу коркунучунда турса.

Ишеним телефону: +996 (501) 000 216

Телефон күн сайын саат 9:00дөн 21:00гө чейин иштейт. Чалуулар акысыз жана анонимдүү.

Scroll to Top