БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Жетибаев “Кыргызалтындын” директорлор кеңешине мүчө болду
05.04.2023 | 18:29
Нуртазин Жетибаев “Кыргызалтындын” директорлор кеңешине мүчө болду. Бул тууралуу компаниянын сайтында маалымдалды.
Кечээ, 4-апрелде “Кыргызалтын” ААКсында акционерлердин жылдык жалпы чогулушу болуп өтүп, анда Жетибаев директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланган.
“Нуртазин Жетибаев 1966-жылы 10-октябрда Кара-Балта шаарында туулган. 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган”, – деп айтылат маалыматта.
Нуртазин Жетыбаев буга чейин 2022-жылдын июнь айынан 2023-жылдын январына чейин Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом