Ысык-Көлдө экологиялык талаптарды бузган ишкана табылды

Ысык-Көлдө экологиялык талаптарды бузган ишкана табылды

Ысык-Көлдө саркынды суулар тазаланбай, сугат талаасына кеткен түтүктүн бузулушу 102 м2 жер кыртышын булгагандыгы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын март айында социалдык тармактарда сүт азыктарын иштетип чыгарган «Ак-Жалга» ЖАКсы Ысык-Көлгө саркынды сууларды агызып жатканы тууралуу маалымат тараган.

Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында жайгашкан ишкана боюнча жеринде тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте кароо жүргүзүлүп, министрликтин кызматкерлери тарабынан суудан жана топурактан үлгүлөр (проба) алынып, анализге өткөрүлгөн.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинен пландан тышкары текшерүүгө уруксат алынган.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн аракеттердин натыйжасында бир катар экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды. Текшерүүлөр көрсөткөндөй, «Ак-Жалга» ЖАКсы тарабынан суу жана жер ресурстарына зыян келтирилген: саркынды суулар тазаланбай, сугат талаасына кеткен түтүктүн бузулушу 102 м2 жер кыртышын булгаган.

Андан тышкары ишкананын экологиялык паспорту жок экени белгилүү болду. КУ-400 тазалоочу курулманын 2012-жылы реконструкцияланганы менен экологиялык экспертизадан өтүүгө тиешелүү документтери берилген эмес.

Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан «Ак-Жалга» ЖАКсына экологиялык талаптарды толук аткарбагандыгы жана айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчүн 17 000 сом жана 28 000 сом айып, ошондой эле жалпысынан 763 262 сом доо коюлган.

Белгилей кетсек, «Ак-Жалга» ЖАКнын жетекчиси Г. Жузумалиева текшерүү актысына жана эскертмеге кол коюудан баш тартты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>