Жоламан Шаршенбеков үчүнчү ирет PWL лигасында күчүн сынайт (видео)

Жоламан Шаршенбеков үчүнчү ирет PWL лигасында күчүн сынайт (видео)

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Жоламан Шаршенбеков (60 кг) үчүнчү ирет Poddubny Wrestling League мелдешине катышат.

26-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өтө турган PWL-4 мелдешинде Шаршенбеков россиялык Динислам Бамматов менен күч сынашат.

Ошондой эле, аталган турнирге эркин күрөштөн Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) да катыша турганы кабарланды. Анын атаандашы россиялык Абасгаджи Магомедов болот.

Буга чейин PWL лигасында Акжол Махмудов менен россиялык балбан Роман Власов беттешери жарыя кылынган.

Эскерте кетсек, Шаршенбеков буга чейин PWL мелдешинде эки жолу күрөшүп, экөөндө тең жеңишке жеткен. Былтыр октябрда Москвада өткөн PWL-2 мелдешинде ал россиялык Анвар Аллахьяровду утуп алган.

Ал эми декабрь айында Бишкекте өткөн PWL-3 мелдешинде Шаршенбеков кайра эле Анвар Аллахьяров менен күч сынашкан. Анда Шаршенбековдун атаандашы бутун кокустатып алып, беттешти уланта албай калган. Ага байланыштуу жеңиш Шаршенбековго ыйгарылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>