Тоң районунда кар калың жаагандыгына байланыштуу ашуудан өтө албай чабандар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-октябрда саат 17:15 чамасында Тоң ашуусундагы катуу жааган каардан 4 чабан 500 жылкы жана 400 дөй топозу менен өтө албай калып, Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылышкан.
«Чабандарды куткаруу максатында 5 куткаруучу, Ак-Сай айылынан 5 адам жана айыл аймактын 3 кызматкери тартылган. Алар чабандардын ашуудан түшүүсүнө жардам көрсөтүшүп, туруктуу ордуна аман-эсен кайтып келишкен»,- деп айтылат маалыматта.