Кыргызстан мунайды жана мунай продуктуларын ЕАЭБден тышкары чыгарууга тыюу салуу эрежелерин өзгөрттүБишкектеги «Буффет» ашканасында массалык уулануу болдуКыргызстандан канаттуулардын этин экспорттоо эки эсеге өстү: негизги сатып алуучулар — ЕАЭБ өлкөлөрүЭрулан Кокулов президентке министрлердин депутаттарды кабыл албай жатканына даттандыТүштүктүк түндүккө, түндүкдүк түштүккө барат: Президент студенттер ротация болорун жарыяладыКыргызстандын банктарына чет өлкөлөрдө филиалдарын ачууга уруксат берилди: Садыр Жапаров жарлыкка кол койду
ӨКМ жолго чыгып жаткан айдоочуларга эскертти
01.10.2025 | 09:46

Өлкөдө күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга жана айдоочуларга айрым жолдо жүрүү эрежелерин сактоого чакырды.
ӨКМ жарандарга зарылдык болбосо, алыскы жолго чыгууну башка күндөргө жылдырып турууну сунуштады. Ошондой эле жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алууну унутпоо керектигин билдирди.
Ал эми айдоочуларга кар жаап, тайгак болсо, унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону эскертти.
Кырсык катталган учурда жарандар 112 бирдиктүү номерине күнү-түнү акысыз байланышса болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом