Бизнес, билим берүү, туризм: өкмөттө кыргыз-герман кызматташтыгы талкууланды

21.10.2025 | 09:54

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы ардактуу башкы консулу, кыргыз-герман Ишкердик кеңешинин герман тарабынан тең төрагасынын орун басары Райнхольд Крэммел менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле ушул жылдын ноябрь айында Берлин шаарында өтө турган бизнес-форумга жана Ишкердик кеңештин жыйынына даярдык көрүү маселелерин талкуулашкан.

Тараптар ошондой эле билим берүү тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, анын ичинде тейлөө чөйрөсүндө кадрларды даярдоо жана техникалык адистиктерге окутуу маселелерин талкуулашкан.

Райнхольд Крэммель конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, “өнөктөштүктү өнөр жай жана билим берүү тармактарында гана эмес, туризм жана HoReCa чөйрөсүндө да кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин” белгилеген. Ал Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш мүмкүнчүлүктөрү бар экенин, ал эми Германия туруктуу туристтик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана бул тармактагы адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн тиешелүү билим берүү программаларын түзүүгө даяр экенин кошумчалаган. 

Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев ардактуу консулга экономикалык диалогду өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.

Scroll to Top