Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Бишкекте окуучу кызды сүзүп кеткен фуранын айдоочусу 2 айга камалды
26.02.2024 | 22:28
Бишкекте 10 жаштагы кызды тебелеп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусу эки айга камалды. Бул тууралуу Жол кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, сот айдоочуну тергөө абагына эки айга киргизүү боюнча чечим кабыл алган.
Эске салсак, 22-февралда окуучу кыз токтоп турган фуранын алдынан өтүп бара жатканда жүк ташуучу автоунаа ордунан жылып, кызды тебелеп кеткен. Тилекке каршы, окуучу кырсык болгон жерде каза болгон.
1997-жылы туулган айдоочу А.А. бир нече сааттан кийин Пригородное айылынан кармалган. Милициянын маалыматында, ал кызды байкабай калганын айткан.
“Тунгучта” жүк ташуучу унаа 10 жашар кызды сүзүп кетти (видео)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар