КРдин эл артисти, балетмейстер Кубанычбек Сыдыков дүйнөдөн кайтты«Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда»: Кытайдын элчиси форумда сөз сүйлөдүУКМК эл аралык баңгизат сатуу каналы аныкталганын билдирдиКочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулдуКөңүл буруңуз! Көчмөндөр оюндары өтчү жайларга кандай буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынатНепалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 469 адамга жетти
Сокулукта мас абалда аял кишиге бычак сайган адам кармалды
26.02.2024 | 21:58
Сокулук районунда денеге оор залал келтирген деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга А.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 25-февралда Б.К. аттуу жаран мас абалында анын аялына бычак сайган.
Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү (Б.К.) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар