Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Окуучулардын кыргыз тили боюнча класстан класска көчүрүү экзамендеринин күнү белгилүү болду
13.05.2025 | 18:15
Билим берүү жана илим министрлиги мектептердеги 5-6 – класстарынын окуучулары үчүн кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки түрдө класстан класска көчүрүү экзамендеринин өткөрүлө турган күнүн кабарлады.
Экзамендердин мөөнөтү төмөнкүдөй:
- 5-класстын окуучулары үчүн (окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде) 27-28 – майда өтөт;
- 6-класстын окуучулары үчүн 29-30 – майда өткөрүлөт.
Министрлик бул экзамендер атайын бекитилген Жобого ылайык уюштурулуп, билим алуунун сапатын баалоо жана тилдик көндүмдөрдү өрчүтүү максатын көздөөрүн билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом