Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Олимпиада: Күмүш уткандарга 10 млн сом, коло алгандарга 7 млн сом берилет
12.08.2024 | 09:38
Париждеги Олимпиада оюндарында күмүш уткан спортчуларга 10 млн сом, коло байге алгандарга 7 млн сом бериле турган болду.
Эми Олимпиадада күмүш байге тагынган балбан кыз Мээрим Жуманазарова жана боксчу Мунарбек Сейитбек уулу 10 млн сомдон алат.
Ошондой эле коло медалга татыган Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жусупбековго 7 млн сомдон берилет.
Андан тышкары спортчулардын машыктыруучуларына, дарыгерлерге да акчалай сыйлык каралган.
Эскерте кетсек, буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматы мыйзам боюнча Олимп оюндарында алтын алган спортчуларга 10 млн сом, экинчи орунга 7 млн жана үчүнчү орун үчүн 5 млн сом каралганын кабарлаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом