Өлкө аймагында 94 тонна кара куурай жок кылынды

14.07.2023 | 09:21

Өлкө боюнча 94 тонна кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, июль айында “Апийим-2023” операциясынын алкагында “Кара куурай”  аталышындагы иш-чаранын биринчи этабы өттү. Анын жүрүшүндө жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында прокуратура, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери курамына кирген 1 миң 231 адамдан турган 71 бригада  түзүлгөн.

“Республика боюнча жалпысынан 94 тонна 22 кг кара куурай орулуп өрттөлдү. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча 2,3 га жерден 3 тонна 420 кг, Чүй облусу боюнча 8,5 га жерден 7 тонна 400 кг, Ысык-Көл облусу боюнча 114 га жерден 38 тонна 727 кг, Талас облусу боюнча 0,5 га жерден 1 тонна, Жалал-Абад облусу боюнча 428,8 га жерден 25 тонна 500 кг, Ош облусу боюнча 9,5 га жерден 8 тонна 675 кг, Баткен облусу боюнча 28,5 га жерден 9 тонна 300 кг кара куурай орулуп өрттөлгөн”, – деп айтылат маалыматта.

[image_carousel source=”media: 193906,193907,193904″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top