Ысыкта канча суу ичүү керек? Мээ кайнаткан аптапта эске алчу эрежелер

Ысыкта канча суу ичүү керек? Мээ кайнаткан аптапта эске алчу эрежелер

Кыргызстанда 10-июлдан баштап аба ырайы өтө ысый турганын Гидрометеорология кызматы эскерткен.

Учурда Чүй облусунда абанын температурасы +41, түштүк аймактарда +42, Талас өрөөнүндө +39, Ысык-Көлдө +34 градуска чейин жетүүдө.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги аптаптуу ысыктан сактануу боюнча негизги сунуштамаларды жарыялады.

“Мындай мээ кайнаткан ысыкты жүрөк-кан тамыр, өпкө оорулары, кант диабети жана өнөкөт оорулары бар адамдар гана оор көтөрбөстөн ден соолугу чың адамга дагы таасирин тийгизет. Мындай учурда кан коюлуп, жүрөк-кан тамыр системасына кошумча жүк түшүп, тромб пайда болушу ыктымал. Мындан тышкары, жайында ичеги инфекциялары күчөшү мүмкүн, өзгөчө жаш балдарда”, — деп эскертти министрлик.

Министрлик маалымдагандай, адам ысыкта иче турган суунун көлөмү норма менен ченелген эмес. Киши кыймылына жана көлөмүнө жараша караштырып, болжол менен бир килограммга 40 миллилитр суу ичсе болот.

«Газдалган таттуу суусундуктар, ширелер суусунду кандырбайт, болгону организмге жүк болот. Андан сырткары, ичимдикти жайдын ысыгында оозго албаш керек. Себеби ал жүрөк-кан тамыр системасына оордук келтирип, денеден суюктуктун чыгып кетишин шарттайт. Арак-шарапты ысыкта ичүү саламаттыкка зыянын тийгизет», — деп айтылат маалыматта.

Аны менен катар Саламаттык сактоо министрлиги ысыктан коргонуу үчүн 10 кеңеш сунуштады: 

— мүмкүн болушунча күндүн нуру түз тийген жерден оолак болуңуз. Көлөкөдө басып же көчөгө чыгууну чектеңиз. Айрыкча, күн саат 12:00дөн 17:00гө чейин катуу ысыйт, бул учурда салкын имараттын ичинде болууга аракет кылыңыз;

— баш кийим кийиңиз, кол чатыр колдонуңуз;

— мүмкүн болушунча кыймылды жана акыл-эсти иштетүүнү азайтуу шарт;

— суу ичүү режимин сактаңыз. Суюктукту көп ичиңиз, бирок ошол эле маалда суусундуктар өтө муздак болбошу керек. Себеби мунун айынан ооруп калышыңыз ыктымал. Ар жарым саат сайын суу ичип туруу зарыл;

— мөмө жана жер-жемишти көбүрөөк жеш керек. Алар канчалык ширелүү болсо, организмдеги суюктуктун ордун толтурууга ошончолук жакшы;

— арыктагы, каналдардагы, фонтан жана башка көчөдөгү сууну ичүү кооптуу экенин жакындарыңызга эскертиңиз. Алар эс алып, ойноп же башка бир нерсе менен алектенип жатканда коргоочу каражаттар жана таза суу менен камсыздаңыз;

— желдеткич жана кондиционер колдонуңуз. Желдеткичтин абаны үйлөгөн багытын өзүңүз тарапка койбоңуз, ар тарапка үйлөп турганы жакшы. Мындан сырткары, кондиционер менен аябай муздатылган имараттын ичинен дароо ысыкка чыгууга болбойт. Суук тийип ооруп калышыңыз ыктымал;

— пахта жана зыгыр кездемесинен тигилген кийимдерге басым жасаңыз, чапташкан кийимдер сунушталбайт. Аба өткөрө турган кийимдерди тандаңыз. Анан да ачык түстө болушу керек, себеби кара түстүү кийим өзүнө ысыкты тартат;

— тез-тез душка түшүп же чачыкты муздак сууга малып денеңизди арчып туруңуз. Эгер мындай мүмкүнчүлүк жок болсо, дүкөндөрдө сатылган нымдуу чүпүрөктү колдонуңуз;

— ыңгайына жараша ысыкта жылаңайлак басыңыз. Чөптүн үстүндө 10-15 мүнөт басуу кан айланууну жакшыртат. Натыйжада чыйралып, өзүңүздү жакшы сезип каласыз.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>