Өлкө аймагында 94 тонна кара куурай жок кылынды

Өлкө аймагында 94 тонна кара куурай жок кылынды

Өлкө боюнча 94 тонна кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, июль айында «Апийим-2023» операциясынын алкагында «Кара куурай»  аталышындагы иш-чаранын биринчи этабы өттү. Анын жүрүшүндө жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында прокуратура, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери курамына кирген 1 миң 231 адамдан турган 71 бригада  түзүлгөн.

«Республика боюнча жалпысынан 94 тонна 22 кг кара куурай орулуп өрттөлдү. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча 2,3 га жерден 3 тонна 420 кг, Чүй облусу боюнча 8,5 га жерден 7 тонна 400 кг, Ысык-Көл облусу боюнча 114 га жерден 38 тонна 727 кг, Талас облусу боюнча 0,5 га жерден 1 тонна, Жалал-Абад облусу боюнча 428,8 га жерден 25 тонна 500 кг, Ош облусу боюнча 9,5 га жерден 8 тонна 675 кг, Баткен облусу боюнча 28,5 га жерден 9 тонна 300 кг кара куурай орулуп өрттөлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>