Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Өзбекстандан 7 тонна насвай ташып келаткан жаран кармалды
14.07.2023 | 09:15
Баткендеги чек арадан Өзбекстандан ташылып келе жаткан 7 тонна насвай аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аткезчиликке каршы иш-чаралардын алкагында Кадамжай районунун Бүргөндү айылында чек арачылар жана бажы кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын жараны Э.У.нын башкаруусундагы «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаа кармалган.
Унааны текшерүү учурунда 7 тонна насвай табылган. Жүк Кыргызстандын аймагына андан ары сатуу үчүн Өзбекстандын Чоң-Гара анклавынан мыйзамсыз ташылып келгени белгилүү болгон.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин айдоочу жана жүк кошумча иликтөө жүргүзүү үчүн Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом