21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылдыКыргызстан менен ЕККУ «тоо күн тартибин» ишке ашыруу жана глобалдык саммитке даярдык көрүү боюнча кадамдарды белгилештиКР Улуттук банкынын кызматкерлери Австрия жана Чехиядагы банктык көзөмөлдүн европалык тажрыйбасын үйрөнүштүБишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат
Ооган кыргыздары жазга чейинки азык-түлүк менен камсыздалды
05.10.2021 | 12:10
Памирлик кыргыздарга гумжардам катары 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер жеткирилди. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул тапта Ооганстандагы Улуу жана Кичи Памир өрөөндөрүндөгү кыргыз бир туугандарга жеткирилген. Бул гумжардам жазга чейин этникалык кыргыздарды азык-түлүк менен толук камсыз кыла алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика