Криминалдык милициянын бүгүн майрамы

Криминалдык милициянын бүгүн майрамы

Бүгүн, 5-октябрда Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери кылмыш иликтөөнүн түзүлгөнүнүн 103 жылдыгына карата кесиптик майрамын белгилешти. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, Кылмыш иликтөө- ИИМдин эң ири жана маанилүү бөлүктөрүнүн бири. Ыкчам кызматкерлердин иши ар убак тобокелчилик жана күжүрмөн кайраттуулук менен байланышкан.

100 жылдан ашык тарыхы бар ыкчам кызматкерлер миңдеген кылмыштардын бетин ачып, жогорку кесипкөйлүүлүктүн, күжүрмөндүктүн жана каармандыктын үлгүсүн көрсөтө алышты.

«Кылмыш иликтөөнүн түзүлүү тарыхына кайрыла турган болсок, ал 1918-жылы Жети-Суу облусунун аймагында Верненск жана Пишпек кылмыш иликтөөнүн эки бөлүмчөсү түзүлгөн. Ал учурда ыкчам кызматкерлердин алдында мал уурулук, азык-түлүк товарларынын баасын жогорулатып саткандар, майда тиричиликте жаралган кылмыштар менен күрөшүү милдети турган. Кылмыш болгон жерге кылмыш иликтөөнүн кызматкерлери ат минип келишкен жана өздүк курамдын саны аз болгон»,- деп айтылат маалыматта.

ИИМдин Борбордук аппаратында өткөн салтанаттуу иш-чарага министринин орун басары Нурбек Абдиев катышып, криминалдык милиция кызматынын жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктады. Майрамдык чогулуштун аягында аталган кызматтын кызматкерлери өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө көрсөткөн жыйынтыктары үчүн түзүмдүн сыйлыктары менен сыйланышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>