Бишкектин айрым көчөлөрүндө 7-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтБалетмейстер Айзада Тумакованын юбилейине карата «Сильфида» балети коюлатКазакстанда Коргоо министрлигин текшерүүдөн кийин 13 кылмыш иши козголдуКыргызстанда монополисттерди инженердик тармактарга кошуудан баш тартууну негиздөөгө милдеттендирүү сунушталуудаMoody’s Кыргызстанды кредиттик рейтингин B2ге чейин жогорулаттыЖаан, тоолордо кар жана катуу шамал: 6-октябрга карата аба ырайы
Ооган кыргыздары жазга чейинки азык-түлүк менен камсыздалды
05.10.2021 | 12:10
Памирлик кыргыздарга гумжардам катары 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер жеткирилди. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул тапта Ооганстандагы Улуу жана Кичи Памир өрөөндөрүндөгү кыргыз бир туугандарга жеткирилген. Бул гумжардам жазга чейин этникалык кыргыздарды азык-түлүк менен толук камсыз кыла алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика