Грузиядан алдамчылыкка айыпталган эки адам Кыргызстанга экстрадицияландыИлгиз Тапаев «Учкун» ААКтын башкы директору болуп дайындалдыБишкекте жашылдандыруу маселесине арналган Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөтКР жогорку окуу жайлары карыз үчүн диплом жана аттестаттарды кармап калууга укуксуз — акыйкатчыБишкектин айрым көчөлөрүндө 7-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтБалетмейстер Айзада Тумакованын юбилейине карата «Сильфида» балети коюлат
Бишкектен шенген визасын каяктан алса болот?
05.10.2021 | 12:12
Ушул жылдын октябрь айынан тарта Венгриянын Бишкектеги элчилиги кыргыз жарандарына Евробиримдиктин шенген визасын бере баштайт. Бул тууралуу кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин жыйынында белгилүү болду.
Жолугушууда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Стратегиялык кеңештин кийинки жыйынын 2022-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.
Ошондой эле Кыргызстан жана Венгриянын тышкы иштер министрлери кыргыз студенттерин Венгриянын жогорку окуу жайларында окутуу үчүн квоталарды жыл сайын 200 орунга чейин көбөйтүүгө макулдашышты. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстанда ЖОЖдордун ректорлорунун ассоциациясынын форумун жана Венгриянын ректорлор конференциясын өткөрүүгө даярдыгын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом