Мамлекеттик ооруканалардагы бейтаптардын тамак-ашына күнүнө 65 сомдон 110 сомго чейин акча бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, бейтаптардын тамактануусуна каражаттын көлөмүн көтөрүү пландалууда.
«Албетте, бул жетишсиз. Сумманы көбөйтүү керек», — деди чиновник.
Парламентте Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020 жана 2021-жылдарга бюджетинин аткарылышы жана 2022-2023-жылдарга болжолу тууралуу отчет каралууда.
Сүрөт интернеттен алынды