Украинадагы кыргызстандыктар элчилик менен байланыша албай жатат

Украинадагы кыргызстандыктар элчилик менен байланыша албай жатат

Украинадагы кыргызстандыктар элчилик менен байланыша албай жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов парламенттик жыйында билдирди.

Азыр бизге Украинадагы жарандарыбыз чыгып жатат, элчилик менен байланыша албай жатабыз деп. Ошого көңүл бөлүп койсоңуздар. Анткени, көпчүлүк адамдар чыга баштады дейт, биз элчилик менен байланышып жардам сурайлы десек, эртеден бери такыр телефондорун албай жатышат дейт”— деп кайрылды Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловго.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. 21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>